Мазмунга өтүү

Рерих, Рёрих Николай Константинович

Википедия дан

Рерих, Рёрих Николай Константинович (1874, Петербург – 1947, Нагар, Индия) – орус живописчиси, археолог, саякатчы, коомдук ишмер. Петербург САда А. И. Куинджиден (1893–97) жана университеттин укук факультетинде (1898-ж. бүткөн) окуган. 1909-жылдан академик. Славян археологиясы боюнча эмгектенген. Р-дин көркөм чыгармачылыгы тарыхый окуяларды жаратылыш менен айкалыштыра берүүгө умтулгандыгы менен айырмаланат (“Чабарман”, 1897, “Байыркы Русь. Славяндар” циклинен, Третьяков галереясы; “Деңиздин ары жагынан келген меймандар”, 1901; “Шаар куруу”, 1902, экөө тең Третьяков галереясы; “Асмандагы кагылыш”, 1912, Орус музейи, Ленинград). 1910-жылдарда театр жасалгасында жана монумент искусствосунда эмгектенген. 1918-жылдан чет өлкөдө (АКШда; 1923-жылдан Индияда) жашап, Борбордук жана Чыгыш Азия боюнча археологиялык экспедицияларга чыккан. Индия жана совет элинин достугун чыңдоодо да салымы чоң. Р-дин 400дөн ашуун чыгармасы СССР музейлеринде сакталуу.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]